Эркин Кыз Коому
«Эркин Кыз Коому» 2021-жылда, Кыргызстанда аялдар менен кыздардын укуктарынын бузулушуна жооп катары түзүлгөн.

«Эркин Кыз Коому» долбоорунун координатору, негиздөөчүсү Айзирек Эркебаева жана экинчи негиздөөчүсү, STEAM бөлүмүнүн координатору Агелина Уланбек кызы.

«Биздин максат – кыздарга билим тармагында колдоо көрсөтүү. Негизги долбоорлорубуздун бири – «Курманжан» аттуу илим жаатындагы кыздар үчүн билим берүү лагери. Анын алгачкысы, ушул жылдын январь айында Баткен шаарында өтүп, ага Жалал-Абад, Ош жана Баткенден 15 кыз чогулган. Кийинки жылы лагерь Ош шаарында өтөт жана жаңы катышуучуларды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Биз, медиа аянтча катары дагы феминизм тууралуу кыргыз тилинде маалымат берүүгө аракет кылабыз, анткени интернетте мындай булактар өтө аз. Мындан тышкары, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан ыктыярчыларыбыз бар. Долбоордун биринчи жылында, биздин кыздар аялдардын укуктарына байланыштуу, ар кандай темада 15ке жакын тренинг өткөрүштү.

Күнүмдүк гендердик стереотиптер, сексизм, коом тарабынан кыздарга болгон талаптар, кыздардын өзүн-өзү кабылдоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин биз унутпашыбыз керек. Биз үчүн, кыздар өз оюн эркин жеткире алган, коопсуз жана колдогон чөйрөнү түзүү абдан маанилүү. Ошондуктан, бул жылы, Instagram аккаунтубузда «Суроом бар» рубрикасын ачтык, анда кыздар анонимдүү түрдө, кызыктырган темада суроолорду бере алышат.

Азыркы учурда иштеп жаткан проектерибиздин бири, «Медиажаса» долбоорунун финалисти, Айзирек, кыздардын достугу жана эрдиги тууралуу «Курбулар» аттуу онлайн комиксти ишке ашырды. Экинчиси, негиздөөчү Агелина тарткан, STEMдеги гендердик стереотиптер тууралуу кыска метраждуу тасма. Биздин жигердүү волонтерлор дагы, кыздар үчүн абдан пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып келишет. Алардын бирин Бермет ыктыярчыбыз баштаган, ал «Макалдар» рубрикасын баштап, аялдардын коомдогу ролу тууралуу стереотиптерди тарата турган макал-лакаптарын талдайт. Ошондой эле, Аксана ыктыярчыбыз китеп клубун ачкан. Биз ар бир ыктыярчыбыз менен сыймыктанабыз!

Биз ар бир кызга ишенебиз жана кыздардын коопсуз дүйнөдө жашашын каалайбыз.

Анткени биз, эркин кыздарбыз!».


Связаться с нами
© Сайт создан при поддержке Совместной инициативы Европейского Союза и Организации Объединенных Наций «Луч света»

О совместной инициативе ЕС-ООН «Луч света»

В январе 2020 года в партнерстве с Правительством Кыргызской Республики ЕС и ООН запустили многолетнюю страновую программу в рамках глобальной Инициативы "Луч света" (Spotlight Initiative) по искоренению всех форм насилия в отношении женщин и девочек. Цель программы - создать среду, в которой все женщины и девочки в Кыргызстане, особенно наиболее уязвимые, живут без насилия и пагубных практик, в том числе детских браков и ала качуу. Программа включает комплекс интегрированных мер в области политики и законодательства, укрепления институтов, предотвращения насилия, предоставления услуг пострадавшим от насилия, сбора качественных данных и поддержки женского движения и гражданского общества. Программа реализуется пятью агентствами ООН (ООН-Женщины, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ и УНП ООН) под общим руководством Постоянного Координатора ООН в Кыргызской Республике.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website