ГЕНДЕРДИК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ 16 КҮНДҮК АКТИВДҮҮЛҮК
Кыргызстандагы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын символу катары Айгүл гүлү түрүндөгү кызгылт сары түстүү төш белгиси болду. Бул иш аракет Баткен облусундагы акыркы кайгылуу окуялардан кийин Баткен облусунун айымдарына солидардуулук көрсөтүү максатында жасалган.

Улуттук кампания "Коркпо. Токтот. Жаша!" урааны менен өттү. Анын негизги маанилери:

#Коркпо
#КоркпоСүйлөпБашта
#КоркпоСенЖалгызЭмессиң
#Коркпо102геЧал
#КоркпоЖардамCура
#КоркпоӨзгөрүүнүнБулагыБол

#Токтот
#ТоктотАялКыздаргаБолуш
#ТоктотКайдыгерБолбо
#ТоктотCенинКолуңанКелет
#ТоктотАйтыпБашта

#Жаша
#ЖашаӨзҮнүңдүУк
#ЖашаКыялыңдыЭэрчи
#ЖашаӨзүңдүТанда
#ЖашаМенСениКолдойм
#ЖашаМенCениМененмин
#ЭркинОйлонЭркинЖаша





Кыргызстандагы кампания
1
14-15 НОЯБРЬ
14-15-ноябрь күнү "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фонду аялдарга жана кыздарга карата ыдыкка каршы күрөшүү боюнча областтык жана райондук статистикалык комитеттердин өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрдү. Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын статистикалык комитеттеринин өкүлдөрүнүн 30 кызматкерине сексуалдык ыдыкка каршы күрөшүү боюнча сабак өтүлдү. Маалыматтык баракчалар жана видеороликтер:

2
16 НОЯБРЬ
Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизмдин алкагында ACTED Kyrgyzstan жана "Теңдик нуру" регионалдык демилгеси Борбордук Азия жана Афганистандын журналисттери үчүн мастер-класс өткөрүштү. 16-ноябрда 200гө жакын ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде журналисттер гендердик - трансформациялык ыкмалар жана аялдар менен кыздарга карата зомбулук фактыларын чагылдыруу боюнча мастер-класска чогулушту.
3
23 НОЯБРЬ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында 16 күндүк зомбулукка каршы активдүүлүк кампаниясы башталды.
4
24 НОЯБРЬ
БУУнун Аялдар түзүмүнүн кеңсесинде жарандык активизмдин өкүлдөрү үчүн зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган ачык диалог өттү.
5
25 НОЯБРЬ
Эл аралык айымдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зомбулук менен күрөшүү күнүндө 16 күндүк активизм кампаниясы башталды.
6
25 НОЯБРЬ
"Өлкөнүн келечеги" коомдук фондунун инстаграм баракчасында 16 күндүк кампаниянын жүрүшүндө гендердик зомбулукту алдын алуу, кыздарды жана аялдарды окутуу боюнча иш алып барган активист кыздардын ишмердүүлүгү активдүү чагылдырылды:
Шилтеме
7
25 НОЯБРЬ
25-ноябрдан 10-декабрга чейин «Мутакалим» АПКБ (Айымдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси) Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу Фонду (ЮНФПА) менен биргеликте Facebook жана Instagram социалдык тармактарында түз уктурууларды өткөрүштү:
Бардык берүүлөрдү Мутакалим АПКБ баракчасынан көрүүгө болот.
8
26 НОЯБРЬ
"Чүй жергиликтүү өнүктүрүү жана окутуу борбору" коомдук бирикмеси Чүй жана Кемин районунун (Токмок ш.) 36 мугалими жана социалдык кызматкерлери үчүн гендердик сезимталдык боюнча тренинг өткөрдү.
9
27 НОЯБРЬ
USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору 16 күн бою зомбулукка кабылган аялдар жана аларга жардам берген кризистик борборлор тууралуу 16 блогер бөлүшкөн видеолордун сериясын чыграды:

10
28 НОЯБРЬ
16 күндүк кампаниянын алкагында "Сезим" кризистик борбору тарабынан уюштурулган депутат айымдар жана ар кайсы тармактагы кесипкөйлөр тарабынан маалыматтык сессиялар сериясы башталды.
11
28 НОЯБРЬ - 15 ДЕКАБРЬ
28-ноябрдан 15-декабрга чейин "ЖМК ны колдоо борбору" коомдук фонду, БУУ-Айымдар структурасы менен биргеликте Кыргыз Улуттук Университетинин, Бишкек Мамлекеттик Университетинин, Ош Мамлекеттик университетинин жана Ош билим берүү институнун студенттери үчүн гендердик сезимтал журналистика боюнча курсту пилоттоону өткөрүштү.
12
29 НОЯБРЬ
Ош шаарында «Мен сени менен» формалдуу эмес конференциясы болуп, анда жаштар АИВ, физикалык жана психикалык ден соолуктун маанилүүлүгү, ар кандай социалдык аянтчаларды өткөрүү жана зордук-зомбулук маданиятын жоюу боюнча лекцияларды угууга мүмкүнчүлүк алышты.
13
30 НОЯБРЬ
БУУ-Айымдар структурасы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетинин студенттери үчүн гендердик зомбулук боюнча интерактивдүү лекция өткөрдү.
14
30 НОЯБРЬ
Кампаниянын алкагында Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана репродуктивдүү, психикалык жана сексуалдык ден соолук боюнча " Teens " долбоору тарабынан, талкуу форматында зомбулуктун түрлөрү тууралуу ситуациялык видеороликтерди тартуулады.

Шилтеме:
15
30 НОЯБРЬ
Шаардык КИЖС алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору жана БУУ-айымдар уюму биргеликте ВИЧ, гендердик теңчилик жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу стигманы жана дискриминацияны азайтуу максатында жаштар арасында викторина өткөрдү.
16
1 ДЕКАБРЬ
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк КИЖСке каршы күрөшүү күнүнө жана аялдар менен кыздарга көрсөтүлгөн гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча 16 күндүк кампанияга карата "дүйнөлүк кафе" форматында жыл сайын өтүүчү пресс-конференция өттү.
17
1 ДЕКАБРЬ
БУУ-Айымдар структурасы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин студенттери үчүн гендердик зомбулук боюнча интерактивдүү лекция өткөрдү.
18
2 ДЕКАБРЬ
Ала-Тоо Эл аралык университетинде БУУӨП тарабынан "Гендердик линзалар аркылуу" аттуу лекция өткөрүлдү.
19
2 ДЕКАБРЬ
№2 Васильев орто мектебинде спорттук мелдеш жана интеллектуалдык викторина болуп өттү, анда өспүрүм кыздар жана алардын апаларынан турган тайпалар ойношту. Иш-чарага жалпысынан Виноградное айылынын 100дөн ашуун тургуну катышты. Иш-чаралар «Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим берүү» коомдук фонду жана ЮНИСЕФ тарабынан ЕБ-БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгесинин алкагында уюштурулган.
20
3 ДЕКАБРЬ
Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында БУУнун Кыргызстандагы бардык түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кайрылуусу
Шилтеме
21
4 ДЕКАБРЬ
Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампанияга арналган "iTalk" иш-чарасында, ар кайсы тармактан спикерлер Кыргызстанда кыздардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу темасы боюнча сүйлөштү. Ошондой эле, Эркайым Асанканованын "Жетишет" фотокөргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара ЕС- БУУ "Теңдик нуру" глобалдык демилгесинин алкагында Кыргызстандагы БУУ калкты жайгаштыруу тармагы фонду жана Idea Central Asia тарабынан уюштурулду.
Шилтеме
22
5 ДЕКАБРЬ
Кадамжайда айымдар жана кыздар дуушар болгон зомбулукка каршы тынчтык маршы болуп өттү.
23
5-10 ДЕКАБРЬ
Кыргызстандагы айымдар киносунун жумалыгы. Кыргызстандын айым - режиссёрлору тарткан тасмалардын бет ачары.
24
5 ДЕКАБРЬ
Сокулук айылында Муса Жангазиев атындагы № 4 орто мектептин базасында «Тең-теңге» принциби боюнча мектеп окуучулары үчүн репродуктивдүү ден соолук темасы боюнча "Образование для развития сообществ" коомдук фонду, "Теңдик нуру" демилгесинин алкагындагы БУУ-Айымдар менен өнөктөштүктө уюштурулган маалыматтык сессиялар өттү.
25
5-9 ДЕКАБРЬ
5-декабрдан баштап 9-декабрга чейин ACTED жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү жана активисттер үчүн аялдардын жана кыздардын укуктарынын бузулушуна жана кылмыштуулукка укуктук мониторинг жүргүзүү боюнча тренингдерди өткөрдү. Укуктук мониторинг боюнча ЕБ-БУУ "Теңдик нуру" демилгесинин мурунку ишинин уландысы катары ACTED Кыргызстандын бардык аймактарынан 26 жарандык коомдун өкүлдөрүн окутту.
26
6 ДЕКАБРЬ
"Сообща" активисттик кыймылынын мүчөсү Адинай Жапаралиеванын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо бөлүмүнүн башчысы Окоева Гүлмира Качкыновнанын жана ММКны колдоо борборунун программалык директору Айчүрөк Усупбаеванын катышуусунда Кыргызстандагы зордук-зомбулук темасында түз эфир өткөрүлдү.
Шилтеме
27
6 ДЕКАБРЬ
Бишкек шаарында "Теңдик нуру" демилгесинин алкагындагы гендердик сезимтал жана жабырлануучуга багытталган сот адилеттиги – прогресс Кыргыз Республикасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча" деген темада тегерек стол болуп өттү.
28
7 ДЕКАБРЬ
"Сезим" кризистик борбору тарабынан Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинде (КМЮА) жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде юридикалык багыттагы студенттер үчүн "Сезим" кризистик борборунун юристи Ракия Рахматованын катышуусу менен маалыматтык сессия өткөрүлдү.
29
7-8 ДЕКАБРЬ
7-8-декабрь күндөрү Виноградное жана Мирное айылынын орто мектептеринин базасында "Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим берүү" коомдук фонду тарабынан маалыматтык иш-чаралар жана мектеп окуучуларынын катышуусунда "Кызды кырк үйдөн колдоо" урааны менен театр-форум өткөрүлдү.
Иш-чаралар БУУ балдар фонду ( ЮНИСЕФ) жана БУУ-Айымдар структурасы менен өнөктөштүктө уюштурулду.
30
8 ДЕКАБРЬ
ACTED, WAGE жана Евро биримдиктин колдоосу менен "Теңдик нуру" демилгесинин регионалдык кеңсеси тарабынан уюштурулган "Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү айымдарга жасалган дискриминация жана зомбулукка каршы күчтү бириктирүү" аттуу пресс-конференция болуп өттү.
Шилтеме
31
8 ДЕКАБРЬ
БУУ калкты жайгаштыруу боюнча фонду Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери үчүн ЮНФПА ишмердүүлүгү менен тааныштырып үй-бүлөнү пландаштыруу, жаштар, гендердик жана социалдык нормалар темалары боюнча студенттер арасында дипломдордун сынагын тартуулады.
32
9 ДЕКАБРЬ
Ош шаарында ар кайсы тармактагы лидер - аялдардын катышуусунда 16 күндүк кампаниянын расмий жабылуу аземи болуп өттү.
33
9 ДЕКАБРЬ
Айымдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында Жалал-Абад шаарында билим берүү мекемелеринин арасында "Зомбулук чечим эмес" темасында БУУ Калкты Жайгаштыруу Фондунун колдоосу менен студенттик хакатон болуп өттү.
34
10 ДЕКАБРЬ
10-декабрь – БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Бүткүл дүйнөлүк адам укуктарынын күнүнө карата кайрылуусу.

Шилтеме
35
10 ДЕКАБРЬ
Бишкек Мамлекеттик университетинде биринчи БУУ модели - студенттер үчүн БУУ структурасынын ички иштөөсү боюнча ролдорго бөлүнгөн оюн, болуп өттү. БМУда БУУнун модели студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу жана жаштарды адам укуктары, дүйнөлүк саясат жаатындагы билимдерин талкуулоого жана тереңдетүүгө, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө, компромисстерди табууга, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана кызматташууга тартуу максатында өткөрүлдү. Гендердик зомбулук жана студенттердин өлкөдөгү гендердик зомбулуктун абалы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу темасына өзгөчө көңүл бурулду.
36
12 ДЕКАБРЬ
БУУ Кыргызстанда #АдамУкуктарыКүнү өкмөттүн, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, акыйкатчынын, Кыйноолорго алдын алуу Улуттук борбордун директорунун жана жана эл аралык өнөктөштөр катышуусунда Адам укуктарынын жалпы декларациясы боюнча диалог форматында белгиледи.
37
12-13 ДЕКАБРЬ
Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен 2022-жылдын 12-13-декабрында Ош шаарында USAID "Агросоода" долбоорунун жана БУУ-айымдар уюмунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫН» жана 2022-2024- жылга карата гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын локалдаштыруу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Экономика жана соода министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош облусунун бардык райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, «ДИА» коомдук фондунун эл аралык жана жергиликтүү уюмдары катышты.
Шилтеме
38
13 ДЕКАБРЬ
13 декабрда аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча 16 күндүк кампаниянын алкагында Интернешнл Алерт бүткүл өлкө боюнча жарандык коомдун жергиликтүү уюмдарынын арасында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча таанышуу сессиясын өткөрдү. Бул жолугушууда катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюмдардын иши менен таанышышты.
39
16 ДЕКАБРЬ
OLOLO студиясында видео/сүрөт/искусство көргөзмөсү болуп, анда #NFT4UNODC #ЯПротивНасилия #МенЗомбулуккаКаршы сынагынын мыкты иштери көрсөтүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Иш-чара Кыргызстандагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсеси тарабынан гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампанияга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган.
40
20 ДЕКАБРЬ
Эмгек чөйрөсүндө зомбулук жана сексуалдык ыдык көрсөтүү маселелери боюнча техникалык үч тараптуу консультацияларды уюштуруу.
2022-жылдын 20-декабрында Иш-чара Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) жана БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, анын зомбулук жана ыдык көрсөтүү конвенциясынын, 2019 (№ 190) жоболоруна ылайык келүүсү боюнча мыйзамдарды карап чыгуунун алдын ала корутундуларын жана сунуштарын талкуулоо жана жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү жөнүндө Эмгек кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо максатында өткөрүлдү.
41
Ноябрь айынан декабрь айына чейин «ММК колдоо борбору» коомдук фонду Чүй, Нарын жана Ош облустарынын айылдарында дизайндык ой жүгүртүү жана GALS методикасынын «Бактылуу үй-бүлөнүн бриллианты» куралы боюнча тренингдерди өткөрдү.
Күн сайын айымдардын укуктары үчүн, зордук-зомбулукка жана фемицидке каршы күрөшүп, айымдардын жана кыздардын укуктарын коргоп, калкка билим берүүнү улантып, эч нерсеге карабай теңдик идеясы менен күйүп жаткан бардык активисттердин талыкпас эмгегин белгилөө үчүн, бул жылы биз алар жөнүндө айтып берүүнү чечтик.
«Назик кыз» коомдук бирикмеси 2008-жылдан бери майыптыгы бар кыздардын демилгеси менен ишин алып барат.
TEENS – Кыргызстандагы өспүрүмдөр жана жаштар үчүн сексуалдык жана репродуктивдүү, психикалык ден соолук боюнча социалдык маанилүү жана билим берүүчү медиа долбоорлордун бири.
Гендердик иштер министирлиги - эки феминист жана активист Эльвира Тилек жана Саида Нуралиева алып барган подкаст. Ал жакта капитализм, камкордук, сыйкыр, деколониалдуулук жана феминизм менен байланыштуу темаларды козгошот.
«Бишкектин Феминисттик Демилгелери» 2009-жылы негизделип, 2013-жылы Бишкектин фемактивисткалары катары катталган. Уюмдун максаты- Кыргызстанда жана анын сыртында бир туугандыкты, айымдардын эмансипациясын, бири-бирин колдоону, жана солидардуулукту жайылтуу.
«Экинчи смена» подкасты 2020-жылы радикалдуу феминист жана IWPRдин программалык менеджери Бегайым Аджикеева жана CABAR.asia жергиликтүү редактору жана интерсекционалдык феминист Наталья Ли тарабынан негизделген.
«Эркин Кыз Коому» 2021-жылда, Кыргызстанда аялдар менен кыздардын укуктарынын бузулушуна жооп катары түзүлгөн.
«Жаңы Ритм» коомдук бирикмеси - бул жаштардын феминисттик уюму, 2014-жылдан бери Кыргызстандын түштүк аймагынын жаштары үчүн ишин алып барат.
«Равенство» майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмеси 2004-жылдын май айында 11 ар кайсы категориядагы майыптыгы бар адамдардын демилгесинен жаралган. Өзүнүн ишмердүүлүгүн облустук деңгээлде баштап, кийин улуттук деңгээлде алып бара баштаган.
Онлайн аянтчалар – феминисттик курс жана «Феминизм антиуниверситети» инстаграм баракчасы либералдык феминист жана укук коргоочу Эльвира Тилек тарабынан 2021-жылы IDEA CA тарабынан ишке ашырылган Mediajasa долбоорунун алкагында негизделген.
Кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жыл бою жүргүзүлүп жаткан активдүүлүк кампаниясын колдоо максатында активист уюмдар тууралуу биздин постторубуз мындан ары да жарыяланып турат. Биздин инстаграм баракчабызга катталыңыз.
Кампания тууралуу жарыяланган кабарлар
В Кыргызстане 25 ноября стартует кампания «16-дневный активизм против гендерного насилия», призывающая к предотвращению и искоренению насилия в отношении женщин и девочек. Сообщается, что 16-дневная кампания направлена на то, чтобы нарушить молчание по поводу насилия в отношении женщин и девочек и активизировать коллективные усилия, направленные на прекращение всех форм дискриминации.
Жогорку Кенеше 9 декабря состоялся круглый стол «Реализация политических прав женщин в Кыргызстане: вызовы и рекомендации». Как пишет пресс-служба парламента, в мероприятии участвовали депутаты ЖК, члены Совета по правам женщин, детей и гендерного равенства при ЖК, представители различных государственных органов, органов местного самоуправления, эксперты академического сообщества и гендерных и женских общественных организаций, журналисты, а также представители международных организаций.
В Кадамджае женщины вышли на пеший марш против насилия. Об этом сообщило общественное объединение «Активист». Участницы держали плакаты: «Живи», «Мы против насилия», «Жизнь без насилия». Акция проводится в рамках кампании «16-дневный активизм против гендерного насилия», призывающей к предотвращению и искоренению насилия в отношении женщин и девочек.

Биз менен байланышуу
© Сайт Евробиримдик менен Бириккен Улуттар Уюмунун "Теңдик нуру" биргелешкен демилгесинин колдоосу менен түзүлгөн.

Евробиримдик менен БУУнун "Теңдик нуру" биргелешкен демилгеси жөнүндө.

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык Spotlight демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандын бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмар зордук-зомбулуксуз жана зыяндуу адаттарсыз, анын ичинде жашы жете элек никеге туруу жана ала качуусуз жашай алган коопсуз чөйрөнү түзүү. Программа интеграцияланган саясаттын жана мыйзамдардын комплексин, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан аман калгандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоону камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУнун өнүктүрүү программасы, ЮНИСЕФ жана БКБ БУУ) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырылат.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website