«Гендердик Иштер Министирлиги» подкасты
Гендердик иштер министирлиги - эки феминист жана активист Эльвира Тилек жана Саида Нуралиева алып барган подкаст. Ал жакта капитализм, камкордук, сыйкыр, деколониалдуулук жана феминизм менен байланыштуу темаларды козгошот.
Подкаст 2021-жылдын 8-мартында жарыкка чыккан.
«ГИМ идеясы, биздин көп күчүбүз айым да адам болгонун, зомбулук жаман экендигин, ийгиликтүү айымдар да бар экендигин эркектерге көрсөтүүгө жана далилдөөгө кетерин түшүнгөндө пайда болгон.
Биз активисттерге жана бинардуу эмес адамдарга актуалдуу изилдөөлөрдүн жана концепциялардын тилинде феминизм тууралуу жагымдуу бир нерсе жасагыбыз келди».
Активисттерди "Гендердик иштер министирлиги" подкастына катталып колдоо көрсөтө аласыз.
Подкасттардан тышкары, Эльвира менен Саида төмөнкү темаларда ачык лекция жана тренингдерди өткөрөт: Фемоптика, Ак эмес феминизмдин тарыхы, интерсекционалдык мамиле ж.б.
Ошондой эле, Саида Нуралиеванын локдаун учурунда баштаган тикток аккаунту бар. Ал жакта Саида феминизм, расизм жана менталдык ден соолук жөнүндө ойлору менен бөлүшөт. Ал эми Эльвиранын «Феминизм боюнча антиуниверситет» аттуу долбоору бар.