«Жаңы Ритм» коомдук бирикмеси
«Жаңы Ритм» коомдук бирикмеси - бул жаштардын феминисттик уюму, 2014-жылдан бери Кыргызстандын түштүк аймагынын жаштары үчүн ишин алып барат.
Уюм жаштардын, өзгөчө кыздардын адам укуктары тууралуу көбүрөөк билүүгө, билимин өнүктүрүүгө жана өз демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган социалдык мейкиндикти түзүү жана өнүктүрүү үчүн биригүүнү чечкен жаш кыздардын тобу тарабынан демилгеленген.
«Биздин максатыбыз – жаштардын үнү угулган, басмырлоого жана зордук-зомбулукка орун жок жандуу, инклюзивдик жана көп түрдүү жарандык коомду өнүктүрүү. Уюмубуз жаралгандан бери кыз-келиндердин бир туугандык маданиятын, солидардуулугун өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп келебиз. Кыздар менен аялдардын коопсуз жашоосу, өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана алышы биз үчүн маанилүү жана бул үчүн интерсекционалдык оптиканы колдонуу жана адилеттүү теңдикке жетишүү маанилүү деп эсептейбиз».
Кыздарды окутуудан тышкары уюм 8-мартка карата 2017-жылдан бери жыл сайын маршты Ош шаарында өткөрөт жана өлкөнүн түштүгүндө феминисттик күн тартибин өнүктүрүү үчүн жарандык активисттердин биригишине көмөктөшөт.
«Жаңы Ритм» Ош шаарында кыздар жана аялдар үчүн коопсуз жайлардын концепциясын андан ары өнүктүрүүнү, жабырлануучуларга жардам көрсөтүүнүн ички алгоритмдери, жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун өнүктүрүү жана Ош шаарындагы экологиялык кыймылдын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүнү пландаштырууда.