«Равенство» майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмеси
«Равенство» майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмеси 2004-жылдын май айында 11 ар кайсы категориядагы майыптыгы бар адамдардын демилгесинен жаралган. Өзүнүн ишмердүүлүгүн облустук деңгээлде баштап, кийин улуттук деңгээлде алып бара баштаган.

Уюмдун миссиясы Кыргыз Республикасында инклюзивдик коомду куруу аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү.

Уюм үч багытта иштейт жана долбоорлорду ишке ашырат:

  • Турмуштук жана кесиптик жөндөмдөрдү үйрөтүү;

  • Коомдо инклюзивдүү саясатты жайылтуу, стереотиптерди жана стигманы бузуу, коомдогу майыптуулукка болгон мамилени өзгөртүү;

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктарын ишке ашыруу.

«18 жылдан ашык убакыттан бери биз коомдогу майыптуулук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатып, майыптуулукка болгон мамилени өзгөртүп келе жатабыз. Биз "Майыптуулукка болгон социалдык жана адам укуктарынын мамилелери" окуу модулун иштеп чыкканбыз. Ал модуль Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Протоколу менен С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окуу программасына киргизилген.

Биз Борбор Азиядагы майып аялдар тармагына жигердүү катышуу жана координациялоо аркылуу аймактагы майып аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн таасирибизди күчөтүп жатабыз.

Биз майыптыгы бар зомбулукка жана дискриминацияга дуушар болгон айымдардын укугун коргоп, аларга колдоо көрсөтөбүз.Биз кыска мөөнөттүү кесиптик курстарда окутабыз жана аларга экономикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүнчүлүк беребиз.

Биз медицина кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматкерлеринин мамилесин өзгөртүп жатабыз. Биздин тренингдерди 2000ден ашуун адам аяктады.

Биз изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын негизинде майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыгын илгерилетүү боюнча натыйжалуу маалыматтык жана коомдук кампанияларды жүргүзөбүз».

Уюмдун жакынкы жылдарга пландары майып аялдарга кесиптик билим берүү, майып аялдарга карата дискриминация жана зомбулукту алдын алуу жана майып аялдардын укуктарын коргоону камтыйт.
Связаться с нами
© Сайт создан при поддержке Совместной инициативы Европейского Союза и Организации Объединенных Наций «Луч света»

О совместной инициативе ЕС-ООН «Луч света»

В январе 2020 года в партнерстве с Правительством Кыргызской Республики ЕС и ООН запустили многолетнюю страновую программу в рамках глобальной Инициативы "Луч света" (Spotlight Initiative) по искоренению всех форм насилия в отношении женщин и девочек. Цель программы - создать среду, в которой все женщины и девочки в Кыргызстане, особенно наиболее уязвимые, живут без насилия и пагубных практик, в том числе детских браков и ала качуу. Программа включает комплекс интегрированных мер в области политики и законодательства, укрепления институтов, предотвращения насилия, предоставления услуг пострадавшим от насилия, сбора качественных данных и поддержки женского движения и гражданского общества. Программа реализуется пятью агентствами ООН (ООН-Женщины, ЮНФПА, ПРООН, ЮНИСЕФ и УНП ООН) под общим руководством Постоянного Координатора ООН в Кыргызской Республике.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website