TEENS
TEENS – Кыргызстандагы өспүрүмдөр жана жаштар үчүн сексуалдык жана репродуктивдүү, психикалык ден соолук боюнча социалдык маанилүү жана билим берүүчү медиа долбоорлордун бири.
TEENS 2017-жылы ЮНЕСКОнун жардамы менен жаралган. Долбоордун баштапкы учурларында TEENSтин сайты бар болчу, бирок 2020-жылы күзүндө ыктыярчылар тобу социалдык тармактарда өнүгүүнү тандап, эң туура чечим кабыл алган. Бүгүнкү күндө TEENSтин видеороликтери миллиондогон көрүүлөрдү топтоп, кыргыз тиктогунун лидерлеринин бири болуп эсептелинет.
Долбоор БИТИ ЮНЕСКО тарабынан, долбоордун башкы редактору жана менеджери Элина Туралыеванын жетекчилиги астында ишке ашырылууда. Азыркы учурда долбоордо 29 адам бар. Алар 25 жаштан 22 жашка чейинки балдар-кыздар.
«Биздин контент жаырялынуунун алдында бир нече этаптан өтөт. Алар редколлегия, редактирлөө, өнөктөштөр менен макулдашуу, дизайн, финалдык редктирлөө жана жарыялоо.
Биз сөзсүз маалыматты бир нече булактардан, анын ичинде БУУ агенттиктери авторитеттүү илимий журналдар жана изилдөөлөрдөн тактап чыгарабыз. Биз постторубузда эксперттүүлүк жок экендигин, ата-эне, мектеп, университеттин оордун ээлөөнү каалабаганыбызды дайым белгилейбиз. Биз жөн гана кошумча маалымат булагы катары чыгабыз.
Биздин максат - жаштарды агартуү, репродуктивдүү, сексуалдык жана психикалык ден соолук маселелери боюнча жалпы маалыматы жок болгондугунан улам коркунучтуу кесепеттерге алып келе турган чечимдерди кабыл алуудан жаштарды коргоо. Бизди билген ар бир адам үчүн биздин долбоор ар кандай пайданы ташыйт.
Биздин контентти окуп, көрүп жүргөн адамдар биздин постторду окуп же бизге жазып колдоо алса, кээ бирөө актуалдуу суроолорго жооп алат, кээ бирөө жаңы нерсени үйрөнөт, шыктанат, кээ бирөө айлана-чөйрө менен аралашканды үйрөнөт, ал эми кээ бирөө өзүн жөн гана коопсуз сезет».