«Экинчи смена» подкасты
«Экинчи смена» подкасты 2020-жылы радикалдуу феминист жана IWPRдин программалык менеджери Бегайым Аджикеева жана CABAR.asia жергиликтүү редактору жана интерсекционалдык феминист Наталья Ли тарабынан негизделген.
«Экинчи смена» — биздин жашообуздагы феминизм, күнүмдүк ишибизге жана күтүлбөгөн учурда кандай таасир тийгизендиги жөнүндө подкаст.
«Ар бир чыгаруубузда биз күндө туш болгон бир маанилүү тема же көйгөйдү козгойбуз, алар: гендердик стереотиптер, toxic masculinity, харрасмент, репродуктивдүү зомбулук, жеке чектер жана башка. Бул татаал маселелерди түшүндүрүү үчүн биз өзүбүздүн тажрыйбабыз менен бөлүшүп айымдар укугу, дискриминация жана айымдарга жасалган зомбулук тууралуу маалымдуулукту жогорулаткыбыз келип жатат.
Биз бул подкасты эч кандай бюджетсиз башынан ойлоп таптык. Өзүбүз аны оңдойбуз, продюссерлик кылабыз жана өнүктүрөбүз».
Эки жылдын ичинде подкастерлер төрт сезон чыгарышты. Ар бирөө белгилүү бир темага арналган. Феминизмдин негиздери, жыныстык билим берүү жана ыдык, өзүңдү сүйүү жана менталдык ден-соолук, мамиле жана токсикалуу чөйрө. Бүгүнкү күндө подкаст 20 миңден ашуун угулган 40 эпизоддон турат.
«Бул подкаст менен биз сезгендей басынтуу, биз мурун кабылган көйгөй же учурларга азыр туш болгон кыздар үчүн коопсуз чөйрө жаратып жатабыз».
Ошондой эле феминиттер «Лаборотирия активизма», «Секс талкуу» сыяктуу подкасттарды баштоого жардам берип, подкасттарды жаздыруу боюнча окутуу жана тренингдерди өткөрөт.