ГЕНДЕРДИК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ 16 КҮНДҮК АКТИВДҮҮЛҮК
О глобальной кампании
Бул жылы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн глобалдык темасы: "Дүйнө жүзүн кызгылт сары боёкко боё: зомбулукту азыр токтот!"

2021-жылы улуттук кампания «Коркпо. Токтот. Жаша!», лозунгунун астында өтүп, анын негизги билдирүүлөрүнүн мааниси:

Коркпо - сүйлөгөндөн коркпо, иш кылуудан коркпо, өз укугуңду коргоодон коркпо
Токтот - зордук-зомбулукту токтотуу
Жаша - эркин жаша, бактылуу жаша, каалагандай жаша


Кыргызстандагы кампания
1
24 НОЯБРЬ
Бишкекте Евробиримдик менен БУУнун "Жарык шооласы" биргелешкен демилгесинин колдоосу менен ЖОЖдордун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, БУУнун өнүктүрүү программасынын жана "Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим берүү" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн биринчи консультативдик жолугушуусу, гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча алдыдагы окуу модулдарын иштеп чыгуу жана аларды мамлекеттик университеттердин юридикалык факультеттеринин окуу пландарына мындан ары интеграциялоону талкуулоо үчүн өткөрүлдү.
2
25 НОЯБРЬ
Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасында жыл сайын өтүүчү "Зордук-зомбулукка каршы 16 күн" кампаниясы башталды.

Баткенде жарыяланган глобалдык кампаниянын алкагында вице-премьер-министр Эдил Байсалов «Зомбулукка каршы 16 күн» жылдык акциясыначык деп жарыялады.

Өз кезегинде ал аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүүнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кампаниянын ачылыш аземине министрликтердин өкүлдөрү, активисттер жана жергиликтүү тургундар катышты.
3
25 НОЯБРЬ
Ырчы Зеренин "Жеңеке" ырына тартылган клиби анын YouTube каналына чыкты.

Видеоклип БУУ/Европа Биримдигинин биргелешкен "Жарык шооласы" демилгесинин колдоосу менен аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында даярдалган.
Шилтеме
4
26 НОЯБРЬ
26-ноябрда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын, ошондой эле 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнүн алкагында Кыргызстандагы "БУУ - Аялдар" структурасы UN Women - CHai-CHat өнөктөштөрдүн арасында гибриддик жолугушуу өткөрдү.

Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнү ар дайым белгилүү бир темага арналат. Быйылкы тема "Теңсиздикти жоюу. СПИДди токтотуу"

Жолугушуунун жүрүшүндө гендердик теңчилик жана аялдарга карата зомбулукту жоюу жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле «Позитивдүү девиация" ыкмасын колдонуу менен гендердик жана ВИЧ чөйрөсүндө инновацияларды илгерилетүүдөгү жетишкендиктер талкууланды.
5
26 НОЯБРЬ
БУУнун өнүктүрүү программасы романтикалык жана үй-бүлөдөгү мамилелердеги зомбулукту аныктоо боюнча билим берүүчү видеоролик чыгарды.
Шилтеме
6
2 ДЕКАБРЬ
Бишкекте Кыргызстандын аялдары тууралуу «Аялдарга тыюу» документалдуу сериясынан «Шапак» аялдардын жалгыз хоккей командасы жөнүндө "Биздин күйөрмандарыбыз көп болот!" аттуу тасманын жеке кайрымдуулук көрсөтүүсү болуп өттү. Режиссер Айкөкүл Ибраева башка кыз-келиндер командалары жок болгондуктан эркектер менен беттешип, муз аянтчасына чыгып жатканын айтып, хоккейчилерге колдоо көрсөтүүнү өтүндү. Тасма спортчу айымдардын эрдигине жана туруктуулугуна арналган.
Шилтеме
7
2 ДЕКАБРЬ
БУУ жана Европа Биримдигинин биргелешкен "Жарык шооласы" демилгеси ILGERI сүрөтчүлөрү менен биргеликте Кыргызстанда быйылкы жылы гендердик зомбулукка каршы "Коркпо. Токтот. Жаша" ураанынын астында өткөрүлүп жаткан 16 күндүк кампаниянын алкагында "Искусство зомбулуктан жийиркенет" аттуу көргөзмөнү тартуулады.

КР Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгуловдун айтымында, коом мындай темаларга көбүрөөк көңүл бурушу керек. «Кыздарымдын атасы катары мен өзүм да аялдарга карата ар кандай зордук-зомбулукка бөгөт коюу үчүн укук коргоо органдары гана иштебестен, коом дагы мындай аракеттерди айыпташ керек деп эсептейм», - деди ал.

Көргөзмөгө зордук-зомбулуктан аман калган аялдардын чыныгы окуяларына негизделген 32 эмгек коюлган. Картиналарды кыргызстандык 16 сүрөтчү тартып, алар трагедиялуу окуяны өздөрүнөн өткөрүп, сезимдерин искусство аркылуу билдиришкен. Кыргызстанда расмий жана бейрасмий статистика боюнча зордук-зомбулуктун деңгээли өсүүдө. Жыл сайын ондогон аялдар кризистик борборлорго кайрылышат. Бирок көбү буга батына да алышпайт, гендердик зомбулуктун курмандыктарына көп учурда тийиштүү көңүл бурулбайт жана бул кырдаалды оорлоштурат.. Бул көргөзмө искусство аркылуу биздин өлкөдөгү аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнүн масштабы жөнүндө айтып берүү аракети болуп саналат, анын максаты аялдар менен тилектештикти билдирүү жана коомду гендердик зомбулукка кайдыгерликтин үнсүз салтын токтотууга чакыруу болуп эсептелет.
8
3 ДЕКАБРЬ
Ош шаарындагы Гендердик нормалар академиясы

3-декабрда Ош шаарында Гендердик нормалар академиясы иштей баштады. Долбоор жаштарга адам укуктары, социалдык маанилүү оорулар, гендердик теңчилик жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана өз коомчулугунда жаштардын лидери болууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Бул долбоор AFEW Кыргызстан жана UN Women Кыргызстан уюмунун колдоосу менен ишке ашырылууда
Постко шилтеме
9
3 ДЕКАБРЬ
«Сары-Көлдүн сыры» оюн-сериалынын бет ачары
Кыргызстандагы кыздардын жана аялдардын укуктарын коргогон "Открытая линия" фонду жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген эл аралык иштеп чыгуучулар командасы "Чабалекейлер.Бишкектеги жаз" деген смартфон оюндар циклинин экинчи оюнун иштеп чыгышты. Ал "Сары-Көлдүн сыры" деп аталып, Кыргызстандагы жаш балдардын никеси темасын козгойт.

Оюн интерактивдүү тарых жанрында жасалган, анын окуялары Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу айылда өтөт. Ойноп жаткан киши сюжеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизип, оюндун башкы каарманы үчүн чечим чыгара алат. Ошондой эле оюн аркылуу жашы жете электерге турмушка чыгуунун коркунучу, билим алуунун маанилүүлүгү, кыздардын потенциалын ачуу жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жөнүндө биле аласыз.

Долбоор ЮНИСЕФ тарабынан ЕБ менен БУУнун биргелешкен "Жарык шооласы" демилгесинин алкагында колдоого алынган.
10
4 ДЕКАБРЬ
Кыргызстандын Мамлекеттик филармониясы Маданият министрлиги, Эмгек министрлиги жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте Ош шаарында "Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" акциясынын алкагында "Үмүт музыкасы" аттуу концертин өткөрүштү.

Концерттик программада азыркы композиторлордун дүйнөгө белгилүү чыгармалары, ошондой эле популярдуу тасмалардан мыкты музыкалык чыгармалар тандалып алынган.

Дирижер – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нур Өмүрбаев
Алып баруучулар: Анна Алябьева жана Максат Давранов.
11
1-7 ДЕКАБРЬ
1-7-декабрга чейин GALS (Gender Action Learning System) гендердик сезимтал иш-аракеттерди изилдөө тренингдери өткөрүлдү.

Тренингдердин максаты катышуучуларга өзгөрүүлөргө күчтүү көз карашты, конкреттүү стратегияларды жана өз жашоосун жакшы жакка өзгөртүү пландарын иштеп чыгууга жардам берүү, ошондой эле жеке тажрыйбанын негизинде жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн үчүн башка үй-бүлө мүчөлөрүн, команда мүчөлөрүн жана коомчулукту бул мүмкүнчүлүктөргө ынандыруу болуп саналат.

ГАЛС инструменттери 4 турда өттү: 1. «Кыял», «Кыялга саякат» 2. «Бактылуу үй-бүлө дарагы», 3. «Кирешени өстүрүүчү дарак» 4. «Бактылуу үй-бүлөнүн алмазы". 16 күндүк акциянын алкагында 4-тур "Бактылуу үй-бүлөнүн алмазы" Чүй облусунун пилоттук айылдарында: Мирное жана Виноградное айылында, Нарын районундагы Ат-Башы, Талды-Суу, Кара-Тоо, Кум-Дөбө айылдарында өткөрүлдү.
12
5 ДЕКАБРЬ
Кыргызстан БУУ-Аялдар уюму өткөн жылдагы #БизТеңбиз же #МыРавны флешмобун кайра жандантты, анда алар гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык активдүүлүк өнөктүгүнүн алкагында гендердик теңсиздикти кандай гана формада болбосун жоюу зарылчылыгы жөнүндө маалыматты таратууга чакырды.
13
6 ДЕКАБРЬ
Манижанын сапары гендердик зомбулук боюнча иш алып барган жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу менен башталды. Иш-чаранын максаты кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн диалог аянтчасын түзүү жана жарандык коом уюмдарынын Борбордук Азиялык тармагын түзүү болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө:

  • Манижа Сангин, Нажиба Усманова жана Сергей Яковлев «Silsila» фондун тааныштырышты
  • Жарандык коом уюмдары аймактагы иштердин өзгөчөлүгү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү
  • Мындан аркы тармактарды түзүү үчүн потенциалдуу өнөктөштөр аныкталды
  • Байланыш жана тез жооп берүү үчүн канал катары - телеграмда топ түзүлдү

14
7 ДЕКАБРЬ
Манижанын Кыргызстанга болгон расмий сапары инфлюенсерлер жана жаштар лидерлери арасындагы диалог менен уланды.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:

  • Кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун кызуу темаларына кайдыгер калбоо, бодипозитивдин жана феминизмдин маанилүүлүгү;
  • Теңдиктин маанилүү баалуулуктарын, көп түрдүүлүктү урматтоо баалуулуктарын чыгармачылык жана чыгармачылык, күтүүсүз ыкмалар аркылуу кантип жеткирүүгө болот?
  • Аудиторияңыздын алдында жоопкерчиликтүү болуунун жана медиалуулукту жакшы максатта колдонуунун маанилүүлүгү.
15
8 ДЕКАБРЬ
8-декабрда кыздарга жана аялдарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында Манижа Сангин жана SILSILA фондунун өкүлдөрү тарабынан пресс-конференция болуп өттү.

Журналисттер менен жолугушууда алар 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлгөн SILSILA фонду жана тиркемеси тууралуу сүйлөшүштү. Уюм биринчи кезекте Орусиядагы кризистик кырдаалга кабылган качкындарга жана мигранттарга жардам берүүнү максат кылат.
16
8 ДЕКАБРЬ
USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору бишкектиктердин арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун күбөсү же жабырлануучусу болсо эмне кылышмак жана алар жардам сурап каякка кайрылышат деген сурамжылоо жүргүздү.
Шилтеме
17
8 ДЕКАБРЬ
ЮНИСЕФ мектеп окуучулары арасында гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча GALS тренингдерин өткөрдү.
18
9 ДЕКАБРЬ
БУУнун өнүктүрүү программасы Инстаграм баракчасында түз эфир өткөрдү: "Өз укуктарын коргоонун маанилүүлүгү жана Кыргызстандагы алимент төлөө үчүн арызды толтурууга жардам берген биринчи Telegram "Милдет Бот" жөнүндө".
19
9 ДЕКАБРЬ
16 күндүк акциянын жүрүшүндө аймактардагы аялдардын демилгелүү топтору тарабынан Аялдарга жардам борборунун колдоосу менен мектеп окуучулары, студенттер жана аялдар менен түрдүү иш-чаралар, концерттер, спектаклдер жана дебаттык турнирлер өткөрүлдү.
Сүрөттөр
20
9 ДЕКАБРЬ
16 күндүк кампаниянын жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен «Аялдарды колдоо борбору» жана «Энсан Даймонд» бейөкмөт уюмдары менен гендердик зомбулукту изилдөө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.
21
10 ДЕКАБРЬ
Улуттук тарых музейинде "Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" акциясынын расмий жабылышы болду.

Иш-чарада манасчы айымдар тууралуу, алардын өмүр жолу жана ар кандай таланттарды ишке ашыруу укугу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Манасчы айымдар да чогулгандарга сөз сүйлөп, эпостон үзүндүлөрдү айтышты. Иш-чара кыздарды колдоо боюнча үй-бүлөдөгү жана коомдогу эң маанилүү баалуулуктарды чагылдырган Ак-бата мультимедиялык сайтынын бет ачары менен аяктады.

Жабылыш аземине элчилер, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер
22
10 ДЕКАБРЬ
Адам укуктарын коргоо күнүнө карата БУУ- Аялдар уюму, "Жарык шооласы" демилгеси, БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча бюросу жана Интербилим-Ош менен биргеликте Оштун жаштары үчүн «Укугуңду бил» деген темада викторина өткөрдү.

Викторинанын шарты боюнча катышуучулар 25 суроого жооп бериши керек болчу

Интеллектуалдык мелдештин жыйынтыгында 1-орунду "Смешарики" командасы, 2-орунду "New York" командасы, 3-орунду "Кактус" командасы ээледи.
16 күндүк акциянын алкагында ушул сыяктуу көптөгөн башка иш-чаралар өтүп жатканына карабастан, тилекке каршы, гендердик зомбулук темасы жыл бою кызуу бойдон калууда. Куугунтуктоону, зордук-зомбулукту жана башка зыяндуу көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн маалымдуулукту жогорулатуу жана гендердик теңчилик темасын мындан ары да чагылдыруу зарыл. Буга байланыштуу БУУ-Аялдар бул багыттагы ишин улантат.
1
17 декабрь
2021-жылдын 17-декабрында саат 19:00 - Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын сахнасында «Караңгыда бийлеген аял" аттуу театрлаштырылган спектаклдин премьерасы болуп өттү.

«Караңгыда бийлеген аял" спектакли күбө театр түрүндө жаратылган. Ал гендердик теңсиздик жана аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйүн аларга төрөлгөндөн тарта таңууланган социалдык жана социалдык стереотиптердин жана күтүүлөрдүн призмасы аркылуу көтөрөт.

Иш-чара «The Grace» коомдук бирикмеси тарабынан «СПИД Фондунун Чыгыш-Батыш Кыргыз Республикасындагы» коомдук фондунун (AFEW-Kyrgyzstan) жана БУУнун Аялдар уюмунун колдоосунда, ВИЧ чөйрөсү жана Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту жоюу», «Инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү» программасынын алкагында өткөрүлдү.
2
14-17 декабрь
Поэзия Кербени

"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш-аракеттердин" алкагында аймактардагы "Поэзия зомбулукка каршы" кербени жыйынтыкталды. 2021-жылдын 14-декабрынан 17-декабрга чейин Ош, Нарын жана Бишкек шаарларында «Поэзия зомбулукка каршы» кербени өттү.

Акциянын алкагында гендердик зомбулук жана ага каршы аракеттердин маанилүүлүгү темасында акындардын чыгармалары жаңырды. Акындар поэзия аркылуу эл үчүн маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды түркүн түстүү, эмоционалдуу, калыс жеткире алышты.Поэзия кербенинин программасына ылайык ар бир аймакта беш акын 30 дан ашуун ыр окуп, миңдеген адамдарды ойго салып, жүрөктөргө жетип, катышуучулардын жан дүйнөсүн аруулантышты.Аймактарда көптөгөн жаштар акындардын ырларын авторлор менен биргеликте жатка айтып жатышканын белгилеп кетүү керек.

«Поэзия зомбулукка каршы» кербенинин максаты – өлкөнүн аймактарындагы жаштардын гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын өнүктүрүү жана аны алдын-алуунун маанилүүлүгү боюнча маалымдоо болуп саналат.

Пайдалуу маалымат
Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул үй-бүлө мүчөлөрүнө атайылап физикалык же психологиялык зыян келтирүү жана азап тарттыруу, анын ичинде мажбурлоо же эркинен ажыратуу сыяктуу аракеттерди жасайм деп коркутуу.


Башка сөздөр менен айтканда, зордук-зомбулук - адамдын жүрүм-турумун, ойлорун, идеяларын жана сезимдерин контролдоо, анын натыйжасында чексиз бийликке жеткен иш-аракет болуп саналат. Агрессор жабырлануучуну кемсинтип, кордоп, коркутуп-үркүтүп, манипуляция кылып жана шантаж кылып, анын эркиндигин ашыкча чектеп, ошондой эле зомбулуктун ар кандай түрлөрүн колдонушу мүмкүн. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун өзгөчөлүктөрүнө анын түрлөрүнүн көп болушу жана зомбулук окуяларынын кайталанышы кирет, мунун натыйжасында агрессор жабырлануучунун үстүнөн чексиз бийликке жетүүгө жана аны көзөмөлгө алууга умтулат.
Зордук-зомбулуктун түрлөрү кандай белгилер боюнча бөлүнөт
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча байланыш телефондору:
24 саат акысыз номерлер:
Кризистик борборлордун телефондору:
Кампания тууралуу жарыяланган кабарлар
  • Kloop: «Я знаю почему у вас синяки». Певица Зере выпустила клип на песню «Жеңеке»
    Певица Зере выпустила клип на песню «Жеңеке» в рамках 16-дневной кампании против насилия в отношении женщин и девочек. Видеоклип подготовлен при поддержке совместной инициативы ООН и Европейского Союза «Луч света».
  • Kaktus: Кыргызстанцев призвали не замалчивать проблему семейного насилия
    В Кыргызстане проходит 16-дневная информационная кампания "Останови насилие в отношении женщин сейчас!", сообщает пресс-служба Минтруда КР. Акция стартовала в Международный день борьбы за ликвидацию насилия в отношении женщин и завершится 10 декабря - в Международный день по правам человека. Цель кампании - повысить нетерпимость общества к домашнему и гендерно обусловленному насилию, увеличить понимание и осведомленность обо всех формах насилия у кыргызстанцев.
  • 24KG: В Кыргызстане проходит кампания против насилия в отношении женщин
    В Кыргызстане проходит 16-дневная информационная кампания «Останови насилие в отношении женщин сейчас!» Об этом сообщает пресс-служба Министерства труда, социального обеспечения и миграции. Акция стартовала в Международный день борьбы за ликвидацию насилия в отношении женщин и завершится 10 декабря — в Международный день по правам человека.


Биз менен байланышуу
© Сайт Евробиримдик менен Бириккен Улуттар Уюмунун "Теңдик нуру" биргелешкен демилгесинин колдоосу менен түзүлгөн.

Евробиримдик менен БУУнун "Теңдик нуру" биргелешкен демилгеси жөнүндө.

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык Spotlight демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандын бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмар зордук-зомбулуксуз жана зыяндуу адаттарсыз, анын ичинде жашы жете элек никеге туруу жана ала качуусуз жашай алган коопсуз чөйрөнү түзүү. Программа интеграцияланган саясаттын жана мыйзамдардын комплексин, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан аман калгандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоону камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУнун өнүктүрүү программасы, ЮНИСЕФ жана БКБ БУУ) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырылат.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website