Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк
"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" – бул жыл сайын өтүүчү эл аралык кампания, ал 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрга, Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин уланат. Кампания 1991-жылы биринчи Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институтунун (Women's Global Leadership Institute) активисттери тарабынан башталган жана жыл сайын Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институту тарабынан координацияланып келет. Бул кампания дүйнө жүзү боюнча жеке адамдар жана уюмдар тарабынан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу үчүн уюштуруу стратегиясы катары колдонулат.
2022 жылдын кампаниясы
16 күндүк кампаниянын глобалдуу урааны "Күч бириктиребиз! Айымдарга жана кыздарга жасалган зомбулукка каршы активизм". Ураан активисттерди, кыймылдарды, жарандык демилгелерди күчүн бириктирүүгө чакырат, ошондой эле айымдар укугу үчүн феминисттик кыймылдарды колдоп, активисттер менен солидардуу болууга чакырат.
Көбүрөөк билүү
2021 жылдын кампаниясы
Бул жылы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн глобалдык темасы: "Дүйнө жүзүн кызгылт сары боёкко боё: зомбулукту азыр токтот!"
Көбүрөөк билүү
2020 жылдын кампаниясы
2020 жылы Кыргызстанда биргелешкен акция үч багытты камтыды: зыяндуу тажрыйбаны жана гендердик зомбулукту бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүү үчүн "унчукпоо" маданиятын жактоо; үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына жооп кайтарууну жогорулатуу үчүн кризистик борборлордун жана ишеним телефондорунун көрүнүшүн жогорулатуу, айрыкча COVID-19 кризиси учурунда кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктын жогорулашы; жана акыры аялдардын чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү үчүн гендердик теңчилик боюнча жалпы маалымдуулукту жогорулатуу.
Көбүрөөк билүү
Биз менен байланышуу
© Сайт Евробиримдик менен Бириккен Улуттар Уюмунун "Теңдик нуру" биргелешкен демилгесинин колдоосу менен түзүлгөн.

Евробиримдик менен БУУнун "Теңдик нуру" биргелешкен демилгеси жөнүндө.

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык Spotlight демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасын ишке киргизди. Программанын максаты - Кыргызстандын бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмар зордук-зомбулуксуз жана зыяндуу адаттарсыз, анын ичинде жашы жете элек никеге туруу жана ала качуусуз жашай алган коопсуз чөйрөнү түзүү. Программа интеграцияланган саясаттын жана мыйзамдардын комплексин, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан аман калгандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоону камтыйт. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУнун өнүктүрүү программасы, ЮНИСЕФ жана БКБ БУУ) тарабынан БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жалпы жетекчилиги астында ишке ашырылат.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website